super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев: "Сунушталып жаткан Конституциянын долбоору - чыныгы катастрофа"

 
Учурда коомдук талкууга коюлган Конституциянын долбоору - чыныгы катастрофа. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.
Анын айтымында, кимде ким бул долбоорду кабыл алса, аларды тарых кечирбейт.
"Биринчиден, бизде Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын өтүнүчү менен каралган венециялык комиссиянын жыйынтыгы бар. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары Конституцияда каралган мөөнөттөн ашыкча узартылган. Буга байланыштуу парламент Конституциялык реформаларды беките албайт.
Экинчиден, Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгып, кабыл алуу мынчалык зарыл болуп жатса бул ушунчалык шашылуу менен, мындай форматта аткарылбашы керек. Учурдагы Конституциянын бардык стандарттары, процедуралары сакталышы абзел.
Үчүнчүдөн, сунушталып жаткан долбоор КМШ мамлекеттеринин ичинен көлөмү жактан эң чоң, бирок эң сабатсыз долбоор.
Төртүнчүдөн, Конституциялык реформага эч кандай тиешеси болбогон популизм көп.
Бешинчиден, курултай институтун киргизүү менен алар курултайдын идеясын, табиятын жокко чыгарып жатышат. Бийликтин 3 бутагынан тең бийик турган мындай институт дүйнөдө бир да өлкөдө жок.
Алтынчыдан, долбоордун бөлүмдөрү, структурасы, логикалык ырааттуулугу Конституцияга таптакыр караандабайт. Бул долбоор сабатсыз саясатчынын тили менен жазылган.
Жетинчи эң башкысы, мамлекеттик бийликтин негизги булагы - бул эл. Ал эми долбоордо бул тууралуу эч нерсе жок.
Кимдин бул долбоорду кабыл алууга дити барса, анын парламентаризмди, сөз эркиндигин, сот органдарынын көз карандысыздыгын, жарандык коомдун кызыкчылыгын жок кылууга кошкон салымын тарых кечирбейт деп ишенем. Бул өлкөбүз үчүн катастрофа", - деди Иманалиев.
17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлган. Ал Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: