Ошто оор атлетика боюнча мэрдин Кубогу үчүн мелдеш өтөт
Ош шаарында 16-20-октябрь күндөрү оор атлетика боюнча мэрдин Кубогу үчүн мелдеш өтөт. Бул тууралуу Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирет. Мелдеште Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген спортчулар ат салышып, 8 салмак даражасында медалдар ойнотулат. Мелдеш тууралуу Улан Молдодосов: “Бул мелдеш 3 жылдан бери болуп келет. Келечекте мелдешти жогорку деңгээлге чыгарууга аракет кылабыз”,- дейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.