Өлкө аймагында кар жаабайт. 21-ноябрга карата аба ырайы

Эртең, 21-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын, кар жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10 … -15, күндүз -2 … -7 градус;
Талас облусунда түнкүсүн -12 … -17, күндүз -3 … -8;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -5 … -10, күндүз 0 … -5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3 … -8, күндүз 0 … 5 градуска чейин жылыйт;
Нарын облусунда түнкүсүн -9 … -14, күндүз -4 … +1.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -12 … -14, күндүз -5…-7 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.