super.kg logo

Малыңарды жайлоодо багып берем деп алып сатып жиберген. Ошто 21 жарандын арызы боюнча 3 жолу соттолгон адам кармалды

 

Ош ШИИБинин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн аймактык инспекторлору тарабынан жайлоого малды багып берем деп алып кетип, сатып жоготуп салган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү ушул жылдын март айында Ош шаарына караштуу айыл аймагынын жашоочуларынан жайлоого малды багып бермекчи болуп алып кеткен. Андан соң көбүн сатып жиберген.

"Арыздануучулардын жалпы саны 21. Алардын ичинен бир жабырлануучу эң көп 36 коюн жоготсо, эң азы 6 коюнан ажыраган. Ошондой эле 6 баш бодо мал жоголгон. Шектүү жайлоодон келип, бир жерди айтып, ошол жактан малыңарды алып алгыла деп андан ары өзү качып кеткен.

26 жаштагы шектүү буга чейин уурулук, алдамчылык беренелери менен 3 жолу соттолгон. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.11.2020. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тааныган билген адамга бериш керек малды.Адамдарга ишениш жок тем более соттолгон болсо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: