super.kg logo

Жабырлануучу 410 миң сомдук зыян тарткан. Жалал-Абадда милиция уурулук менен алектенген кылмыштуу топту кармады

 

Жалал-Абадда милиция уурулук менен алектенген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2020-жылдын 12-ноябрынан 13-ноябрына караган түнү белгисиз жарандар Сузак районунун айылдарынын бириндеги дүкөндүн арткы эшигин сындырып кирип, кассадагы 300 миң сом акчасын, 100 миң сомдук товарын жана сыртта турган Дэу-Лабо унаасынын ичинен документтери менен кошо 10 миң сом акчасын уурдап кетишкен. Жабырлануучу арыз жазып, 410 миң сомдук материалдык зыян тарткандыгын билдирген.

Аталган факты Сузак РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бул окуянын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБинин жана криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ош облусунун 4 тургуну кармалган.

Алар 1997-жылы туулган Г.А., П.М., К.У. жана 1999-жылы туулган А.Э. Белгилей кетүүчү жагдай, ушул жылдын август айында Ош шаардык соту тарабынан 1999-жылы туулган А.Э.нин үстүнөн издөө жарыяланган. Азыркы учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу такталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: