super.kg logo

Африкада 200дөн ашуун адам табышмактуу ооруга чалдыккан. Илдеттен 15 киши каза болду

 

Африкада 200дөн ашуун балыкчы Атлантика океанында табышмактуу ооруга чалдыккан. Илдеттен 15 адам каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Африкада илдеттен жабыркаган адамдар денелери катуу кычышып, эриндери шишип, көздүн кычышкандыгына даттанышкан. Мындан улам Африка бийликтери булганган аймакта балык уулоого убактылуу тыюу салып, ал жердеги суудан алып, анализ жүргүзүүнү чечишкен.

"Көрсөтүлгөн аймактан анча алыс эмес жерде химиялык заводдор бар, ал жактан чыккан зыяндуу заттар суу менен океанга агып кетиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын ноябрь айынын башында Нигериянын түштүгүндөгү Дельта штатында белгисиз оору кеминде 15 кишинин өмүрүн алып кеткени кабарланат. Каза болгондор 18ден 25 жашка чейинкилер деп айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: