super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу өлкөдөгү Дүйнөлүк банктын кеңсесинин жетекчисин кабыл алды

 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банкынын кеңсе жетекчиси Навид Накви менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасына өнүгүүнүн бардык маанилүү багыттарында олуттуу колдоо көрсөткөн биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болуп саналат. Дүйнөлүк банк тарабынан кризистин кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүлүп жаткан көмөгүнө кубанычтабыз. Биз үчүн коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу абдан маанилүү. Биргелешкен күч-аракет аркылуу экономиканы стабилдештирүү боюнча антикризистик чараларды ишке ашырабыз жана өлкө үчүн экономикалык тобокелдиктерди минималдаштыра алабыз деп ишеним билдирем", - деди Новиков.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви каржы институту биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасы менен жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экендигин белгиледи.

"Учурда республикада жалпы суммасы 750 миллион доллар болгон 24 долбоор ишке ашырылууда. Учурда бул сумманын 10 пайызы гана тартылган. Демек биздин кызматташтыктын белгиленген пландарын жүзөгө ашыруу үчүн колубузда олуттуу сумма бар. Дүйнөлүк банк тобу келечекте каржылык жардам көрсөтүүгө даяр", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: