Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу экономикалык процесстердин динамикасын активдештирүү керектигин айтты





"Экономикалык өнүгүү темптеринин төмөндөшүн жайлатуу иретинде экономикалык процесстердин динамикасын активдештирүү зарыл", - деп премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков мамлекеттик программаларды каржылоо маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.
"2020-жыл экономикалык өсүштү стимулдаштыруу боюнча өкмөттүн программасына олуттуу түзөтүүлөрдү киргизди. Бул бизге экономикалык өнүгүү үчүн туруктуу базаны түзүүдө өз ишибизди активдештирүү канчалык деңгээлде зарыл экендигин дагы бир жолу далилдейт. Мисалга, «Ишкерлик субъектилерин каржылоо» программасы боюнча каржылоо көлөмдөрүн кеңейтүү зарыл деп эсептейм. Жалпыбызга белгилүү болгондой, бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү буга жол бербейт, бирок башка жолубуз бар, мында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен диалогду активдештирүү кажет", - деди Новиков.
Ошондой эле ал «Кепилдик фонд» ААК уставдык капиталын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
"Буга катар лизинг операцияларын активдештирүү боюнча милдет турат. Биз 2020-жылдын соңуна чейин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жардамы аркылуу «Айылбанк» ААК лизинг портфелин кошуу менен өз уставдык капиталына ээ лизинг компаниясын түзүүнү пландаштыруудабыз. Бүгүнкү күндө бул милдет – актуалдуу. Декабрь айында 2021-2022-жылдарга 4,5 миллиард сом суммасындагы лизинг портфели боюнча болжол түзүү мүмкүн болот деп эсептейм. Ипотекалык насыялоонун темпи да жайлап калды. Бул дагы бюджеттин абалына байланыштуу. Калкка ишибиздин реалдуу натыйжасын көрсөтүү аркылуу зарыл долбоорлорду ишке ашырууну жандандыруу боюнча милдеттерди чечүү маанилүү болуп эсептелет", - деп жыйынтыктады премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
