Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC'ге расмий түрдө кайтып келгенин жарыялады
Ирландиянын аралаш мушташ боюнча чебери Конор Макгрегор UFC'ге расмий түрдө кайтып келгенин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыкты.
UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону ирландиялык мушкер карьерасына үчүнчү ирет кайтып келди. Ал 32 жаштагы америкалык мушкер Дастин Порье менен түзүлгөн келишимдин негизинде мушташат.
Ушул жылдын 11-ноябрда UFC президенти Дана Уайт Дастин Порье мушташ үчүн келишим түзгөнүн айткан. Конор Макгрегордун катышуусундагы мушташ 2021-жылдын 23-январында боло турганы белгиленген.
Макгрегор менен Порье буга чейин 2014-жылы UFC уюмунун колдоосу астында мушташкан. Анда ирландиялык мушкер нокаут менен жеңишке жеткени маалым болгон.
Конор Макгрегор акыркы беттешин 2020-жылдын 19-январында UFC 246 турниринин алкагында америкалык Дональд Серронеге каршы өткөргөн. Анда Макгрегор атаандашын 40 секундда нокаутка учураткан.





1 |