"2021-жылдан баштап башка операторлорго болгон байланыштын тарифи 1 сомго чейин төмөндөйт". Равшан Сабиров байланыш операторлорунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү



Вице-премьер-министр Равшан Сабиров байланыш операторлорунун өкүлдөрү менен телекоммуникация тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Равшанбек Сабиров белгилегендей, бүгүнкү күндө телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талаптын өсүшү радио жыштык ресурстарын керектөөнүн көбөйүшүнөн байкалат жана өз кезегинде анын тартыштыгына алып келет. Бул ресурсту туура жана рационалдуу пайдалануу менен гана телекоммуникация тармагын өнүктүрүүгө жетише алабыз.
Бардык байланыш операторлорун радио жыштык ресурсун белгиленген стандарттарга ылайык натыйжалуу пайдаланууга чакырам", - деди вице-премьер-министр.
Өкмөт тарабынан ар кандай байланыш операторлорунун ортосундагы туташуу үчүн тарифтик ставканы төмөндөтүү ырааттуулугу аныкталгандыгы белгиленди. 3 сом 50 тыйын болгон тариф 2021-жылдан баштап 1 сомго чейин төмөндөйт.
Жыйындын жүрүшүндө телекоммуникация тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Тармактык компаниялардын өкүлдөрү чечүүнү талап кылган бир катар маселелерди көтөрүштү.
Вице-премьер-министр өкмөттүн телекоммуникация тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө дайыма даяр экенин белгиледи.

