22-ноябрга күтүлгөн аба ырайы. Өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт
Эртең, 22-ноябрда Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ал эми Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, батыштан соккон желдин ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9...-14, күндүз 1....6;
Талас жергесинде түнкүсүн -11....-16, күндүз -1....-6;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -7....-12, күндүз -2...+3;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5;
Нарын дубанында түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...+2;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -7...-12 градус болот.
Бишкекте күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -10...-12, күндүз -3...-5.
