super.kg logo
  Саясат  

“Исламда үй-бүлө” аттуу республикалык 2-илимий симпозиум өтүүдө

 

Бүгүн, 28-сентябрь күнү Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде “Исламда үй-бүлө” аттуу республикалык 2-илимий симпозиум өтүүдө. Илимий иш-чара Москва шаарынын Мемориалдык мечитинин имамы, орусиялык белгилүү аалым Шамиль Аляутдинов, вице-спикер Төрөбай Зулпукаров, Кыргызстан мусулмандардын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев менен бирге ар башка коомдук жана саясий ишмерлердин катышуусунда өтүп жатат. Симпозиумду “Адеп Башаты” коомдук фонду, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргызстан Ислам университети уюштурууда. “Үй-бүлө – коомдун негизги жана маанилүү түркүгү. Үй-бүлөнүн бекемдиги – элдин жана мамлекеттин бекемдигинин кепилдиги. Симпозиумда үй-бүлөнүн максаты эмне? Жубайлар бири-бирине кандай мамиле жасашы керек? Канткенде бактылуу үй-бүлө кура алабыз деген суроолорго жооп издегенге аракет кылабыз”,- деди “Адеп Башаты” коомдук бирикмесинин директору Алтынбек Керимбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: