super.kg logo
  Спорт  

UFC 255: Эже-сиңди Шевченколордун беттешин SUPER.KG порталынан онлайн окусаңыздар болот

 

Эртең, 22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарындагы "UFC Apex" аттуу спорттук аренасында UFC 255 турнири өтөт. Бул турнирдеги негизги кардда Бразилия, АКШ, Кыргыз өлкөсү, Шотландия, Мексика, Дания жана Гонконгдун мушкерлери катышат.

Турнир 22-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 04:30да жана негизги карддык беттештер 08:00дө башталат.

Бул турнирде Валентина Шевченко 32 жаштагы бразилиялык мушкер Женнифер Майя менен чемпиондук кур үчүн беттешсе, ушул эле турнирде Валентина Шевченконун бир тууган эжеси Антонина Шевченко бразилиялык 26 жаштагы Ариана Липски аттуу мушкер айым менен беттешет.

Валентина Шевченко өзүнүн акыркы беттешин 9-февралда UFC 247 турниринде америкалык мушкер Кэтлин Чукагянга каршы өткөргөн. Анда Шевченко атаандашын 3-раундда нокаутка учуратып, чемпиондук курун коргоп калган.

Ал эми Антонина Шевченко өзүнүн акыркы беттешин 31-майда Кэтлин Чукагянга каршы өткөрүп, упайлардын айырмасында утулуп калган.

Турнирди SUPER.KG порталынан онлайн окусаңыздар болот.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
21.11.2020. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
21.11.2020. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сары кызыбызга ийгилик! Женет деп ишенем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: