super.kg logo

Ошто жөөлөшүп кеткен жигитти бычактаганга шектелип 27 жаштагы жаран кармалды

 

Ош шаарында 20 жаштагы жигиттин жансыз денеси көчөдө табылды. Маркумдун өлүмүнө шектелген жаран кармалганын Ош ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрь күнү Ош шаардык "Тез жардам" кызматы тарабынан милициянын нөөмөт бөлүмүнө шаардын А.Масалиев кең көчөсүнүн боюнда денесинде оор жаракаттары бар жарандын жаткандыгы кабарланган. "Тез жардам" кызматы барган учурда жаран жансыз болгон. Маркумдун көкүрөк тушунда бир нече миздүү нерсе менен сайылган издери болгон.

"Ыкчам тергөө тобунун жүргүзгөн иш-аракеттеринин алкагында маркум киши колдуу каза болгону, ал 2000-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну У.уулу Н. экени аныкталды. Окуя болгон жерден кандын тактары бар ашкана бычагы табылган. Бул окуя боюнча тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Факт "адам өлтүрүү" беренеси (130-берене) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында шектүү делинип Ош шаарында убактылуу жашап, коомдук тамактануучу жайлардын биринде иштеген, коңшу мамлекеттин 1993-жылы туулган Р.А. аттуу жараны кармалды. Шектүү өзүнүн бул оор кылмышка баргандыгынын себебин маркум менен жөөлөшүп кеткендигин, маркум мас абалда намысына шек келтирип сүйлөгөндүгүнөн улам ачуусун кармай албай чөнтөгүндөгү ашкана бычагы менен бир нече ирет сайып жибергени менен түшүндүргөн. Жабырлануучу жыгылганда ал коркуп кетип жардам бербестен качып кеткендигин билдирген. Маркум окуя болгон учурда мас абалда деген шектүүнүн көрсөтмөсү текшерилет. Учурда бул факты боюнча ар тараптуу иликтөө иштери башталды. Шектүү Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
22.11.2020. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өздөрү бирөөнүн жеринде жүрүп алып, булар кыйын. Көбүнчө башка жактыктардан чыгат, себеби өз көзүм менен эле көрдүм ушундай кыйын болгондорду, наоборот басынтып сүйлөшөт булар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: