super.kg logo
  Спорт  

UFC 255: "Апам, эжем, мен мыкты болдук". Валентина Шевченко Женнифер Майяны ишенимдүү түрдө жеңди

 

Бүгүн, 22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарындагы "UFC Apex" аттуу спорттук аренасында UFC 255 турнири өтүүдө. Турнирдеги аялдар арасындагы негизги беттеште кыргыз мушкери Валентина Шевченко 32 жаштагы бразилиялык мушкер Женнифер Майяга каршы төртүнчү ирет чемпиондук курун коргоп калды.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-11-22 11:49

Шевченко  UFC уюмунун президенти Дана Уайт менен болгон сүйлөшүүсүндө мындан дагы оор беттештерге даяр экенин билдирип, өзүнүн апасы бир жума мурун муай-тай боюнча жеңишке жеткенин, андан кийин эжеси жеңип эми өзү курун коргоп калганын айтып өттү.

2020-11-22 11:43

Баракелде-е-е! Калыстардын чечими менен Шевченко жеңүүчү аталып, төртүнчү ирет чемпиондук курун ишенимдүү түрдө коргой алды.

2020-11-22 11:42

Беттештин акыркы бешинчи бөлүгү аяктады. Валентина Шевченко бул бөлүктө каршылашынан бир кыйла активдүү болду.

2020-11-22 11:40

Женнифер Майянын бети канап кетти.

2020-11-22 11:37

Валентин Шевченко каршылашына караганда бир топ активдүү мушташууда.

2020-11-22 11:36

Беттештин акыркы бешинчи бөлүгү башталды.

2020-11-22 11:35

Беттештин төртүнчү бөлүгү аяктады.

2020-11-22 11:32

Шевченко каршылашын төртүнчү ирет көтөрүп чапты.

2020-11-22 11:31

Валентина Шевченко каршылашына бир нече таамай сокку жасай алды.

2020-11-22 11:30

Шевченко экинчи ирет каршылашын көтөрүп чапты.

2020-11-22 11:30

Беттештин төртүнчү бөлүгү башталды.

2020-11-22 11:29

Беттештин үчүнчү бөлүгү аяктады.

2020-11-22 11:28

Женнифер Майя туруп кетүүгө үлгүрдү.

2020-11-22 11:27

Валентина Шевченко каршылашына кубаттуу соккуларды узатып, кайрадан көтөрүп чапты.

2020-11-22 11:25

Шевченко активдүү болгону менен анын атаандашы өз кезегинде кооптуу соккуларды узатууда.

2020-11-22 11:24

Беттештин үчүнчү бөлүгү башталды.

2020-11-22 11:23

Беттештин экинчи бөлүгү аяктады. Шевченкону 5 жашынан баштап машыктырып келген Павел Федотов Шевченкого өзүнүн кеңешин айтты.

2020-11-22 11:22

Шевченко атаандашын буту менен муунтууга алды. Майя чыгып кетүүгө үлгүрдү.

2020-11-22 11:19

Майя Шевченкону жыгып, активдүү боло баштады.

2020-11-22 11:18

Шевченконун атаандашы Майя бир аз коркуп жаткандай беттешүүдө.

2020-11-22 11:17

Беттештин экинчи бөлүгү башталды.

2020-11-22 11:16

Беттештин биринчи бөлүгү аяктады. Биринчи бөлүктө Шевченко ишенимдүү түрдө алдыга чыкты десек болот.

2020-11-22 11:14

Шевченко каршылашын басып алып ишенимдүү түрдө сокку жазап жатат.

2020-11-22 11:13

Валентина Шевченко ишенимдүү түрдө каршылашына сокку узатып, көтөрүп чапты.

2020-11-22 11:12

Шевченко-Майя беттеши башталды.

2020-11-22 11:11

Эки мушкерге калыс тарабынан эреже түшүндүрүлдү.

2020-11-22 11:10

Беттеште калыстык милдетти тажрыйбалуу Херб Дин алып барат. 

2020-11-22 11:09

Турнирдин алып баруучусу эки мушкер айымды тааныштырууда.

2020-11-22 11:07

Шевченко текшерүүдөн өтүп сегиз бурчтукка чыкты. Ийгилик Валя!

2020-11-22 11:05

Жүрөк толкундантчу учур. Валентина Шевченко Кыргыз өлкөсү жана Перунун желеги менен сегиз бурчтукка келе жатат.

2020-11-22 11:04

Биринчилерден болуп Женнифер Майя сегиз бурчтукка Бразилиянын желеги менен чыгып келүүдө.

2020-11-22 11:04

Майя текшерүүдөн өтүп, сегиз бурчтукка чыкты. Кезек Шевченкодо.

2020-11-22 11:03

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченконун буга чейинки беттештери, машыгуулары тууралуу видео ролик көрсөтүлүүдө.

2020-11-22 11:00

Женнифер Майянын буга чейин беттештери, машыгуулары тууралуу видео ролик көрсөтүлүүдө. 

2020-11-22 10:58

UFC уюмунун вице-президенти Марк Рэтнер сегиз бурчтукка чыгып уюмдун кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

2020-11-22 10:55

Учурда UFC уюмунун тарыхы тууралуу видео ролик көрсөтүлүүдө.

2020-11-22 10:50

Шевченко-Майя беттеши башталуу алдында турат.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
22.11.2020. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
Жениффер Лопес алга!!!
22.11.2020. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Валя ийгилик
22.11.2020. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ийгилик Валя жеңиш кутобуз
22.11.2020. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ийгилик Валентина...
22.11.2020. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргыздын сары кызы алга!!
22.11.2020. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ураа! Куттуктайм кыргыз елим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: