super.kg logo

Дастан Бекешев Конституциянын жаңы редакциясына "кол койгон эмеспиз" деген депутаттарды алдоо болгондур дейт

 

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте "Референдумга жол жок!" аталышындагы тынчтык акциясы болду. Анда Конституциянын жаңы редакциясына каршы болгондор темир жол бекетинен "Ала-Тоо" аянтына чейин жөө жүрүш жасашты.

Иш-чаранын катышуучуларынын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тынчтык жүрүшүнө жөнөкөй жарандан тартып, эл өкүлдөрү дагы чыкканын айтты. Ал журналисттердин "Конституциянын жаңы мыйзамына каршы чыгып жаткандарга Садыр Жапаров же анын тарапташтары тарабынан кандайдыр бир басымдар болуп жатабы?" деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп узатты.

"Ал акмактар деп айтпадыбы. Өзүндөй ой жүгүртпөгөн адамдар Жапаров үчүн акмактар экен. Бул өтө жаман. Ал башкалардын дагы оюн кабыл ала билиши керек. Ал кандай ойлосо башкалар дагы ошондой ойлош керек деген туура эмес да. Сен башкаларды дагы өзүңдөй ой жүгүртүүгө мажбурлагандан авторитаризм башталат".

Ал эми Конституциянын жаңы редакциясы жарыялангандан кийин бир катар депутаттар кол койбогондорун айтып чыгышкан. "Кол койду деген депутаттардын саны коомго айтылгандан да аз болушу мүмкүнбү?" деген суроого депутат мындай дейт.

"Билбейм, балким, ошол депутаттарды алдоо жолу менен кол койдуруп алгандыр. Бирок мен кесиптештериме сөздөргө ишене бербей, кол койбоону сунуштайт элем. Кол коёрдон мурда ойлонуш керек го".

Суроо: "Парламенттин азыркы курамы Конституцияга өзгөртүү киргизе албайт деген пикирлер чынбы?".

Жооп: "Бул пикир эмес, туура эле нерсе. Венеция комиссиясында биздин парламент өзүнүн мөөнөтү аяктаганга чейин иштеп, бүтүндөй мамлекетке таасир эте турган чечимдерди кабыл албоосу керек деп көрсөтүлгөн. Парламент түзөтүүлөрдү киргизе алышы мүмкүн, бирок өзгөртүү киргизе албайт".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(8)
22.11.2020. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жоголчу шакал эл сени кылган иштеринди кечирбейт сен тулкусун
22.11.2020. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Mina24,деп уйундо отурган тулку шакал жазып койду.Ал адам сага караганда жакшы иштерди жасап койгон, сага окшоп уйуно отуруп алып эч кимге жаман соз жазган жок .
22.11.2020. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Sara1993,туура
22.11.2020. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Sara1993,Эмне иш жасады?Дегеле Кыргызстанга жакшы иш жасаган бир саясатчы барбы?
22.11.2020. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул сокурда жанга тийе баштады.
23.11.2020. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pankration_MMA,адамдын майыптыгын айтып басмырлоо жеткен наадандык
22.11.2020. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Конституция озгорулсо чимкириктердин жолу кан буугандай эле буулат, а тугул кобу камалып кетишет ошого каршы болуп атышат. А силер элдер ошону тушунбой ошолорду ээрчип атасынар.
Эгер олкобуз онуксун десенер баарынар тике туруп колдоп бергиле конституция озгорулушун.
Акмактарды ээрчибегиле. Ак жол сага Кыргызстаным!!!
22.11.2020. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адашпасам 2 жыл мурун майып адамдар ушул дастандын устунон арыз жазышкан акчабызды жеп койду кыскасы мунун былык иштери коп.Мен лично Садырды и Конститтутцияны да колдойм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: