super.kg logo

Каныбек Иманалиев: "Азыркы бийлик кабыл алабыз деген референдум мыйзамсыз, ага элдин үнү камтылган эмес"

 

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев азыркы бийлик элге жек көрүнүш үчүн бир ай жетиштүү болду деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-ноябрда өткөн "Референдумга каршы!" тынчтык жүрүшүндө билдирди.

"Аба ырайынын суук экенине карабай келип бергениңиздерге рахмат. Элге жек көрүнүш үчүн Бакиевге 3 ай керектелген. Азыркы бийликке бир ай жетиштүү болду. "Буту жаман төрдү булгайт, ниети жаман элди булгайт" деген кыргыздын сөзү бар. Булардын ниетин билдик, эл үчүн келбептир, эптеп эле бийликти басып алып, эптеп эле байлыкты бөлүштүрүп алайын дептир. Бир айдын ичинде булар бийликти бөлүштүрүп бүтүштү. Эми байлыкты бөлүштүрүүгө өтүштү. Биринчи Конституцияны тебелешти, элди зордоп жаңы редакцияны кабыл алууну мажбурлап жатышат. Бул Конституция өтпөйт, себеби биз эркиндикти сүйгөн элбиз. Алар кабыл алабыз деген референдум мыйзамсыз, ага элдин үнү камтылган эмес.

Азыркы келген бийлик бир айда элди консолидация кыла алган жок, элге өнүгүү жолун көрсөтө алган жок. Тескерисинче, элди кагыштырып, экиге бөлүп жатат. Мындай бийликтин келечеги жок. Себеби алардын ниетин, эл жөнүндө кандай ойлой турганын көрдүк. Биз бүгүнкү иш-чарага чыккан жаштар менен келечек үчүн күрөшкөнгө даярбыз. Кийинкиде мындан да көп жаштар келет деп ойлойм", - деди ал.

Ошондой эле ал "Ала-Тоо" аянты Кыргыз өлкөсүнүн улуттук ордосу экенин, бийлик бузулуп бара жатканда элдин үнү ушул аянттан чыгарын айтат.

"Бул биринчи чогулуш, эскертүү. Элдин укугун, эркиндигин тебелегенге эч ким жол бербейт. Бийлик фейктерге эмес элге, бандиттерге эмес мыйзамга таянышы керек. Бийликтин күчү мыйзамда", - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(7)
22.11.2020. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Садыр Жапаров мамлекетте хаос уюштуруп жатат. Акылман элибиз Садырдын жомогун ээрчип, аңга кирип кетпеши керек. Карагылачы Садырдын кээ бир акылсыз, наадан фанаттары ар кимдин эшигине арматуралары менен барып коркутуп, Садырдын жомогуна, фантазиясына каршы чыксанар өртөп кетебиз деп коркутуп жатыптыр. Бул Садыр Жапаровтун абийирсиз жасап жаткан иши. ГКНБ буга чара корбой олтурат. Ташиев криминал болбойт дебеди беле. Кыскасы олкодо мыйзамдын хаосу башталды, зордукчулардын мыйзамы иштеп жатат.
asyl1998 түзөттү 2020-11-22 14:39:42
22.11.2020. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Садыр алга чимкириктер бок жейт өзгөртүш керек
22.11.2020. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эл ошону каалап жатат. Жалпы элдин атынан суйлобонуз.
22.11.2020. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эй тоок баштар, ушул мезгилге чейин ?уюму жеп аттынарбы? Эми ойгондунарбы?
22.11.2020. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Садырды ордуна алып барып киргизип койгула, 5-6 киши чыгып Садыр деп кыйкырып койсо мардайып кеткен го озунчо.
22.11.2020. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кийинкиде эл чогулуп силерге окшогон бузукуларды, кунумдукторду кууп салат.
22.11.2020. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушуга чейин кайакта эленер чимкириктер мен айтам оз биснесинерди коргоп акча кылып отургансынар эми кустура турган адам келгенде эптеп жолотпоштун амалын кылып атасынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: