super.kg logo

"Мен эне катары жасай албаганды уулум жасады". АКШда 8 жашар бала сарайда эмес, батирде жашаганга, апасына унаа алганга каражат тапты

 

АКШда 8 жашар бала сарайда эмес, батирде жашаганга, апасына унаа алганга каражат таап берди. Тагыраагы, Аарон Морено аттуу бала идиштерге гүл өстүрүп, аны сатып, чакан ишкерликти баштаган.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Мексикадан келген мигранттар Лос-Анжелес шаарындагы баш калкалоочу жайларда узак убакка чейин түнөп келишкен. Анткени Аарон Моренонун апасы пандемиядан улам жумушсуз калып, ижарага үй ала албай калган.

"Карантин мезгилинде Аарон менен апасы тааныштарынын сарайында баш калкалап жүрүштү. Бул учурда Аарон идиштерге гүл өстүрүүгө кызыгып, алгач аны кошуналарына, досторуна сатуу менен алек боло баштады. Баланын толук кандуу бизнес кылуусу үчүн каражаты жетишсиз болчу, анткени ошол учурда апасы экөөндө 12 доллар гана калган.

Эне-баланын муктаждыгын түшүнгөн үй-бүлөлүк досу краудфандинг (интернет аркылуу акча же дагы кайрымдуулукка берилчү каражаттарды чогултуу) аркылуу балага каражат топтоону баштайт. Кайрымдуулук иретинде чогулган акчанын бардыгы "Aaron's Garden" багбанчылык фирмасын ачууга жумшалмак. Бул идея америкалыктардын көз жаздымында калбай, тескерисинче, шыктандырган", - деп айтылат маалыматта.

Июнь айынан баштап жасалган кайрымдуулуктан Аарон 37 миң доллардан ашуун каражат топтой алган. Бул акчага эне-бала компания ачуу үчүн керектүү жабдыктарды алып, каражат табуунун үстүндө иштей баштайт. Ишкерликти жүргүзгөндөн көп өтпөй алар ижарага батир алып, унаа дагы сатып алышат.

Мындан тышкары 2 жылдан ашык убакыттан бери Мексикада чоң ата, чоң энесинин колунда жүргөн Аарондун бир тууган эжесин штатка алып келүүгө мүмкүн болгон.

Кичинекей ишкердин апасы уулуна суктанарын айтып "мен эне катары жасай албаган нерсени ал жасады" деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(1)
22.11.2020. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азамат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: