super.kg logo

19 жашта болгон. Оозу скотчтолуп, колу, буту байланган абалда табылган жарандын аты-жөнү такталды

 

"Тёплые ключи" санаториясында колу менен буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылып турган абалда табылган жарандын аты-жөнү такталды. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан бүгүн, 23-ноябрда кабарлашты.

"Маркум Нарын облусунун 19 жаштагы О.Э. аттуу тургуну болгон. Анын өлүмү боюнча кылмыш ишин иликтөөнү өлкөнүн Ички иштер министрлиги жана Чүй ОИИББи өз көзөмөлүнө алды. Учурда тиешелүү тергөө амалдары улантылып жатат", - дешти мекемеден.

Окуянын чоо-жайы:

21-ноябрда болжол менен саат 13:13тө Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Тёплые ключи" санаториясында жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу жерине барып, колу менен буту байланып, оозу скотчтолгон абалда бакта асылып турган жаранды аныкташкан.

Бул факт 130-берене (адам өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
23.11.2020. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жайы жаннатан болсун ким кылган болсо кудай жазаласы оомийин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: