Чүйдө тамеки тартуу этиятсыздыгынан турак үйдөн өрт чыгып, 88 жаштагы жаран каза болду
Чүй облусунун Сокулук районунда тамеки тартуу этиятсыздыгынан улам турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын малымат кызматы кабарлап, окуя кечээ, 22-ноябрда болгонун билдирди.
"Новопавловка айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, үйдүн 40 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн кесепетинен үйдүн ээси 1932-жылы туулган эркек киши каза болду. Өрттүн себеби тамеки тардуудагы этиятсыздык", - дешти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.