Ысык-Көлдө орто мектептин кампасынан чыккан өрттөн 35 тонна көмүр күйүп кетти
Ысык-Көл облусунда жалпы орто билим берүү мектептин кампасынан чыккан өрттөн 35 тонна көмүр күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
"22-ноябрда Ысык-Көл районуна караштуу Корумду айыл аймагынын Булан-Сөгөтү айылындагы Чалагыз Иманкулов атындагы орто мектептин кампасында 35 тонна көмүр күйүп кеткен. Көмүрдү айыл өкмөтүнүн трактор унаасы алып чыккан. Өрттүн себеби заттардын жана материалдардын өзүнөн-өзү күйүүсү", - деп билдирет маалымата.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.