Интернетте эмне кеп? "Бакылдаган Балбакты кар жааганда көрөбүз", төбө чачты тик тургузган 19 жаштагы жигиттин өлүмү, атаандашынын таш талканын чыгарган Шевченколор, абанын булганычы боюнча алдына ат салдырбаган Бишкек
Иштин башы дүйшөмбү. Кар майдалап жаап, сууктун илеби артка кайткандай. Түнү менен жааган кар көчөлөргө толуп унаалар да, жөө адамдар да кыбырап калышыптыр. Социалдык тармактын колдонуучулары "Бакылдаган Балбакты кар жааганда көрөбүз" деп көчөлөр тазаланбаганын айтып, таң эрте бир сыйра нааразы да болуп алышты. Ал эми "Тазалык" муниципалдык кызматы ашуудан отчётту берип, түнү менен канча техника, канча жумушчу иштегенин жарыялады.
Ишемби күнү "Тёплые ключи" эс алуу аймагында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн баланын жансыз денеси табылды. Табылган бала 19 жаштагы Нарын шаарынын тургуну экени жана азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду. Маркум бакка асынган жана колу, буту, оозу скотчтолгон абалда табылган. Төбө чачты тик тургузган бул окуя көпчүлүктү ойго салды.
Эс алуу күндүн эң жагымдуу жаңылыгы бул Шевченко эже-сиңдилердин беделдүү UFC уюмунун турниринде көргөзгөн мыкты чеберчилиги болду. Перуда машыккан Валентина жана Антонина Шевченколор октагонго Кыргыз желегин көтөрүп чыгып, кыргыз элин дагы бир жолу сыймыктандырды. Атаандаштарынын таш талканын чыгарган Шевченколор өзүлөрүнүн мыкты экенин дагы бир ирет далилдешти.
Бишкекке суук түшөр замат пайда боло калчу көйгөйлөрдүн бири - бул абанын булгануусу. Бул жылы да суук күндөр башталып-башталбай жатып 20-ноябрь күнү Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы таза эмес шаарлардын сап башына жазылды. Саясий жаңылыктардан, окуялардан, маселелерден башы чыкпаган элди бул маселе ойлондурбагандай. Көпчүлүк адистер абанын булганышы өпкө ооруларынын көбөйүшүнө алып келерин, пандемия күчөп турган чакта бул өтө кооптуу экенин айтышууда.
кошулду


1 |