super.kg logo

Бул ирет митинг эшек фермага каршы. Кара-Суудагы Мады айыл өкмөтүнүн тургундары митингге чыгышты

 

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнүн тургундары бүгүн, 23-ноябрда эшек кармоо жайынын жабылышын талап кылып митингге чыгышты. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан видеолор тарады.

Митингге божолдуу 60ка чукул адам чогулган. Алар жайында өлгөн эшектерди таштандыга ыргытып жатканын, мындан улам оорулар көбөйүп жатканын айтышты. Эл эшек ферманы жабылсын деген талап менен чыгышкан. Мындан тышкары ал ферманын ичин айыл тургундарынан түзүлгөн комиссия текшерип чыкса деген талаптарды коюшкан.

Эл нааразычылык акциясына буга чейин дагы чыгып, талаптарын айтып келгенин, ал эми ферманын жетекчилиги тарабынан жабылат деген жооптор айтылганы менен эч кандай өзгөрүү болбогондугун айтышты.

Андан соң митингге чыккандар ферманын жетекчилигинин уруксаты менен ичине кирип таанышып чыгышты. Митингдин катышуучулары бир апта ичинде эшек фермасынын Кыргыз өлкөсүндөгү жетекчиси келип качан жабылат, кандай иш-чараларды көрөт толук маалымат берип өтүшүн талап кылышарын билдиришти.






Мады айыл өкмөтүнүн тургундары эшек кармоо жайын жабылышын талап кылып митингге чыгышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.11.2020. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугуң кургур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: