super.kg logo

Чек арадан аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан жүк кармалды

 

22-ноябрь күнү саат 22:20 чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнүн Достук жергилигинде “Солидарность 2019-2021” чек ара операциясынын алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгы, облустук мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынан Өзбек Республикасына Кыргыз жараны тарабынан турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдарды аткезчилик менен алып өтүү аракеттери жүрүп жаткан кезде кармашкан.

"Кармалган аткезчилик жүктүн болжолдуу баасы 200 миң сомду түзөт. Кармалган контрабанда жүккө карата тийиштүү иш кагаздар толтурулуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чара көрүү максатында Бажы кызматына өткөрүлүп берилди", - деди маалымат кызматынын өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.11.2020. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күндө күн алыс ушундай жаңылыктар. Демек иштеп жатышат. Азаматтар Кудай кааласа Кыргызстаным оңолот!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: