Жүргүнчү аялдын маршруттук таксинин айдоочусун тепкилеп, урушуп жаткан видеосу тарады
Социалдык түйүнгө маршурттук каттамдын айдоочусун жүргүнчү аял тепкилеп, уят сөздөр менен сөгүп жаткан видео жарыяланды.
Видеодон аялдын айдоочуга ылдамдыкты жогорулатууну талап кылып, ошол эле учурда кыйкырып, урушуп жатканын көрүүгө болот. Унаанын айдоочусу белгиленген убакытка карап, айдоо керек экендигин айткан, бирок жүргүнчү айым ага кулак салган эмес.
Окуяны видеого айдоочу өзү түшүрүп алган. Айрымдар тасманын Бишкек шаарында тартылгандыгын айтышууда. Бул видео кызуу талкуу жаратып, аялга карата нааразычылыгын билдирип жазгандар арбын.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Эркектер деле тарбиясы жок журушот го.