super.kg logo

Кооз унаа номерлердин ээлери өлкөнүн кайсы аймактарында жашайт? (статистика)

 

Бишкектин жашоочулары сандардын өзгөчө айкалышы бар унаа номурларын эң көп сатып алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, онлайн аукциондор аркылуу жана аукционсуз сатылган номурлардин ээлеринин дээрлик 50 пайызы борбор калаанын тургундары.

"2016-жылдын сентябрь айынан бери аталган кызматтын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы 33 миң 617 даана мамлекеттик унаа номурун сатты. Анын ичинен борбор калаанын коду "01" менен 15 миң 555 даана.

Суроо-талап боюнча экинчи орунда Чүй облусунун коду "08" - 4 миң 625 аукционсуз жана 128 аукцион аркылуу мамлекеттик унаа номери сатылды. Үчүнчү орунду Жалал-Абад облусу ээледи - "04" аймактык коду менен "кооз" номерлердин 3 миң 399 ээси бар.

Рейтингде соңку орунда "05" коду менен Нарын облусу турат, сандардын өзгөчө айкалышы бар мындай код менен 766 даана унаа номуру сатылган", - деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, мамлекеттик автоунаа номерлеринин жаңы стандарты 2015-жылы иштелип чыккан. Анда аймак сол жактагы өзүнчө терезеде эки орундуу сан түрүндө белгиленип, ал эми тамгалар жана сандардын үч орундуу айкалышы серияны белгилей баштады. Алар 2016-жылдын 1-июнунан тарта берилип келет.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: