super.kg logo

Алты жашар баланы аёосуз сабаганга шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди

 

Чүй облусунун Сокулук районунда 6 жашар бала катуу сабалганы кабарланган. Анда баланын апасы күйөөсүнө карата тиешелүү чара колдонууну өтүнүп, милиция кызматкерлерине кайрылган. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан үстүнөн арыз түшкөн жаран (А.Б.) кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлады.

"6 жаштагы баланын сабалышы боюнча факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Буга чейин күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган келинден (А.Э.) тосмо арыз түшө элек. Тосмо арыз берилсе мыйзам негизинде каралат. Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - дейт басма сөз катчы.

Окуянын чоо-жайы:

18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 25 жаштагы келин кайрылган. Арыздануучу 33 жаштагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, 18-ноябрга караган түнү жолдошу эч себепсиз эле 6 жашар баласынын денесине залал келтирген.

Аталган факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) менен катталып, иш андан кийин аймактык, тагыраагы Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилген. Ал эми баланын алган жаракаттарынын деңгээлин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кийинчерээк, жабырлануучу тараптын жактоочусу Шердор Абдыкапаров баланын апасы күйөөсүнө карата тосмо арыз жазып бергенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.11.2020. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
колуң сынгыр макулук айбан.Канча жаны бар эле
ырас кылыптыр милицияга берип. Балдарыңарды өпкүлө,эркелеткиле.7жашка чыккыча падышага мамиле кылгандай мамиле жасагыла.
23.11.2020. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай наадан, зоорук эркектер бизде толтура журушот. Алы жеткени ачч киши жана жаш балдар. Эч качан мындай акмактардын сощун дагы укпагыла. Бизде билимсиздер толуп кеткен.
23.11.2020. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арыз жазганың кайсы да кайра тосмо арыз бергениң кайсы жолуң болгур
23.11.2020. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колун сынсын айбан мееси жок кок мее бир омур балага зар болуп откун омур бойу турмодон чыкпай калсан экен
23.11.2020. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тосмо арыз жазууга кандай колун барды?Энесинби баланды корго! Коргой албайсынбы ?Мыйзамга койуп бер.Кандай акынар бар баланы кордогонго?Бирин ур,бирин тосмо арыз жаз.Баланын да укуктары бар сен да куноолусун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: