super.kg logo

"Резина ок көзүнө тийип, ал баш сөөктө калып калган". 5-6-октябрда жаракат алгандардан 30 адам оор абалда. Алар жардамга муктаж

 

Жактоочу Замир Жоошев 5-6-октябрда болуп өткөн окуяларда жаракат алгандар жардамга муктаж экенин айтып, жабырлануучулардын биринин көзүнө резина ок тийип, ал баш сөөгүндө калып калганын далилдеген рентген сүрөттү жарыялады. Бул тууралуу жактоочу социалдык тармактагы баракчасында жазган.

"Бул 5-6-октябрда жаракат алгандардын биринин рентген сүрөтү. Бир көзүнө резина ок тийип, ал баш сөөктө такалып калган. Окту Кыргыз өлкөсүндө ала алышпайт экен. Операцияны чет жакта гана жасоо керек. Бирок анын буга каражаты жок. Жабырлануучуга кантип жардам бере алабыз?", - деп жазган Замир Жоошев.

Бул боюнча жактоочуга байланышып төмөндөгүдөй маалымат алдык.

"Бул рентген сүрөттү башка жабырлануучудан алдым. Баш сөөгүнүн ичинде ок калып калгандар учурда экөө. Буга байланыштуу жабырлануучуларга тез арада операция жасоо зарылдыгы бар. Мындай операция Орусияда жасалат экен. Бирок жаракат алган балдар каражаты жок бара албай жатышат. Негизи эле 5-6-октябрдагы окуяларда жаракат алгандар жалпысынан 600-700 адамдай болот. Анын 100дөй кишиси оор жаракат, ал эми 30дай киши өтө оор жаракат алган. Дагы бир бала алган жаракатынан улам бутунда 10 сантиметрдей сөөгү жетишпейт экен. Ага операция жасоого 32 миң евро керек деп жатышат. Октябрь айындагы митингден жабыркап калгандардын баарына жардам берсек жакшы болот эле" , - деди Жоошев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.11.2020. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кашкар и шокеден сурагыла
24.11.2020. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр, Садыр,Садырдан сурагыла да
24.11.2020. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садырдын азыр убактысы жок шайлоо менен убара болуп кашасы чыгып жатат
24.11.2020. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Садыр не кылып бермек эле көзү жок өмүр бою майып болушту өздөрү күнөөлүү
24.11.2020. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Митиңгди баштап элди башкара албаган партиялар жооп берсин, ошолор төлөсүн!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: