super.kg logo

"Алгач ата-энелер тайпасында урушкан". Орусияда окуучулардын аталары катышкан массалык мушташ орун алды (видео)

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында мектеп окуучуларынын аталары ортосундагы массалык мушташ орун алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, массалык мушташтын видеосу интернет желесине тарады.

"Ата-энелер ортосундагы түшүнбөстүк алгач мессенжердеги ата-энелер тайпасында башталган. Чаттан урушуп кеткен аталар кийин короолордун биринде өз ара мамилелерин чечишүүнү улантат. Натыйжада талаш-тартыш массалык мушташка алып келген. Мушташта ок атышуу дагы болгон. Окуянын катышуучулары жогорку билимдүү адамдар болгон. Арасында дарыгер дагы бар. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келип, мушташтын катышуучуларынан травматикалык жана газ тапанчаларды алган. Жабыркагандар болгон эмес. Бир адам камакка алынды", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, массалык мушташка 10 адам катышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы маалымдалат.






"Алгач ата-энелер группасында урушкан". Орусияда окуучулардын аталары катышкан массалык мушташ орун алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: