super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Өмүрбек Текебаев "Мегакомду" сатуу аракеттерин көргөн"

 

Кечээ, 23-ноябрда Садыр Жапаров 7-каналга маек берди. Маек учурунда Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин орусиялык ишкер Леонид Маевскийден "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алганы чын деп айтты.

"Өмүрбек Текебаев Маевскийден 1 миллион долларды алган. Муну бардык саясий элиталар, керек болсо Кулов да билет. Ал калп десе Өмүрбек Суваналиев тастыктап берет. Мен дагы тастыктап берем. "Мегакомду" эки топ сата турган болгон. Бирөө Текебаевдин тарабы болчу, экинчиси башкалар болчу.

Текебаевдин тарабы Маевскийге сатабыз деп сүйлөшүп, алдын-ала 1 миллион долларын алып, 2010-жылдагы шайлоого жумшаган. Андан кийин шайлоодон өткөндөн кийин "Мегакомду" сатмак, дагы калган акчасын чөнтөк кызыкчылыгына алмак. Ошол мезгилде "Мегакомду" чырылдап жүрүп мен сактап калгам", - деди Жапаров.






"Текебаевдин Маевскийден 1 миллион доллар алганы чын" дейт Садыр Жапаров

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 16 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: