super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык спортчу Юрий Краковецкий дзюдо боюнча Алматы шаарынын баш байгесинде коло медаль тагынды

Кыргызстандык Юрий Краковецкий жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде (оң тараптан экинчиде)
Коло медаль үчүн болгон кармашта кыргызстандык Юрий Краковецкий (көк кийим) жана украиналык Станислав Бондаренко

28-29-сентябрь күндөрү Казакстанда өткөн дзюдо боюнча Алматы шаарынын баш байгеси үчүн болгон мелдеште кыргызстандык Юрий Краковецкий коло медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет. Юрий Краковецкий (100 килограммдан өйдө салмакта) алгачкы беттеште орусиялык Степан Саркисян менен кармашып жеңишке жеткен. Жарым финалда мелдеш кожоюну казак балбанына жеңилип калган. Бирок көңүл жубатчу коло медаль үчүн болгон беттешке укук алып, анда украиналык Станислав Бондаренкону жеңип алган. Ал эми мелдешке катышкан кыргызстандык башка спортчулар байгелүү орунду ээлей алышкан эмес. Эске салсак, мелдешке Кыргызстандан кыздар жана эркектер арасында жалпысынан 15 спортчу катышкан.      

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: