Ошто нарктык баасы 4 миллион 129 миң сомду түзгөн бала бакча жер аянты менен мыйзамсыз сатылганы аныкталды
Ош облусунун Арбын айылында бала бакча жайгашкан жер аймагы 60 миң сомго жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткен. Бул тууралуу Ноокат райондук прокуратурадан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Ноокат районуна караштуу Кеӊеш айыл өкмөтүнүн токтому жана Ноокат райондук жер жана агрардык реформа боюнча борборунун буйругу менен Арбын айылында жайгашкан бала бакча 18 гектар жер аянты менен бирге жеке менчикке 60 миң сомго сатылган. Ошол эле маалда, бала бакчанын нарктык баасы 4 миллион 129 миң сомду түзөрү текшерүүдө аныкталган.
"Мыйзамга ылайык социалдык багыттагы объектилерди жеке менчикке өткөрүүгө тыюу салынат. Аталган факты ушул жылдын 18-ноябрында Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө аракеттери башталды. Мындан сырткары, райондук прокуратура тарабынан бала бакчаны жеке менчикке өткөрүү жөнүндө кабыл алынган токтом жана мамлекеттик актыларды жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыз келтирилди", - деп айтылат маалыматта.
