super.kg logo

Дональд Трамп бийликти өткөрүп берүү аракеттерин баштоого буйрук берди

 

АКШнын президенти Дональд Трамп бийликти өткөрүп берүү аракеттерин баштоого буйрук берди. Бул туурасында ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Трамп командасына жана жалпы башкаруу органдарга Жо Байденге бийликти өткөрүп берүү үчүн алгачкы протоколдордо эмне зарыл болсо баарын жасоону тапшырды. Америкалык лидердин айтымында, ал мындай чечимди өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кабыл алган.

Ошол эле учурда Ак үйдүн ээси өзүнүн жеңишине ишенерин, катуу күрөштү улантып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп өткөн. Анда Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышып, ага 77 жаштагы Жо Байден атаандаш болгон. Жыйынтыгында Жо Байден жеңип чыккандыгы жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: