super.kg logo
  Саясат  

Президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков: "БШК логикага туура келбеген талаптарды коюп жатат"

 

Президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясы логикага туура келбеген талаптарды коюп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-ноябрда маалымат жыйында билдирди.

"Мен талапкер катары кол чогултууга уруксатты кечээ күнү гана алдым. Кээ бир талапкерлер менден 2-3 күн мурун алды. Бирок жалпысынан бардыгыбызда бүгүн кыйынчылыктар бар. Мыйзам боюнча 30 миңден 60 миңге чейинки добушту 50 күндө чогултушубуз керек эле. Азыркы күндө кезексиз президенттик шайлоо болгондуктан 10 ,15 күндүн ичинде кол топтош керек экен. Бул физикалык жактан мүмкүн эмес. БШК логикага туура келбеген талаптарды коюп жатат. 12 күндө кол топтоого мүмкүнчүлүк барбы? Ошентсе да, бардыгыбыз кол чогултуп баштадык. Мурунку президент санариптештирүү кылып жатабыз деп айткан. Эмне үчүн компьютер менен чогултуу болгон жок? Тиркемелер аркылуу кол чогултуу кирген жок.

Бизге келген адамдар телефондон жазгыла десек коркуп жатышат. 21-кылымда 20-кылымдын документи менен кол чогултуп жатабыз. Бул БШКнын иши", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: