super.kg logo

"Жакындары менен 6 жолу коштошкон". АКШда 19 жаштагы жигит жүк ташуучу унаанын алдында калып жарым денесинен ажырады

 

АКШнын 19 жаштагы Лорен Шауэрс аттуу жараны жүк ташуучу унаанын алдында калып, жарым денесинен айрылган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Лорен Шауэрс 15 метр бийиктиктен кулап жүк ташуучу унаанын алдында калган. Кырсыктан кийин ал оң колунан жана денесинин белинен ылдыйкы бөлүгүнөн ажыраган.

2019-жылдын сентябрь айында Шауэрс курулуш тармагында оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштечү. Жумуш күндөрүнүн биринде унааны башкара албай калып, унаа кулап баратканда ал кабинадан түшүп калуу аракетин көрө баштаган, бирок аны коопсуздук куру кармап калган. Ошентип ал унаа менен чогуу 15 метр бийиктиктен кулап, 3 жолу ала салган жүк ташуучу унаа аны басып калган.

Ал эми баланын айтымында, бул убакыттын ичинде ал акыл-эси менен эле болгон. "Эсимде, жүк ташуучу унаа мени басып калганда мен сол жагымды карасам, жанымда колумдун бир бөлүгү жатыптыр" деп эскерген Шауэрс.

Ал белгилегендей, анын колу дароо кесилген, буттарын айыктырса болот деп үмүттөнүшкөн. Бирок диагноз койгондон кийин дарыгерлер баланын жамбаш сөөктөрү толугу менен талкалангандыгын аныкташкан. Кийин операцияга макул болуп, эки буту жамбаш сөөктөрү менен кошо алынган.

"Дарыгерлер Шауэрсти аман калат деп үмүт кылышкан эмес, ошол себептүү анын үй-бүлөсүн коштошууга чакырышкан. Ошентип жигит ооруканада жаткан биринчи айда аны менен үй-бүлөсү алты жолу коштошушкан.

Бирок убакыт өткөн сайын бала акырындан оңолуунун үстүндө болуп жатты.

Ал эми Сабиа аттуу анын жакшы көргөн кызы, жигити мүмкүн болушунча көз карандысыз болуу үчүн талыкпай аракет кылып жаткандыгын белгилеген. Мисалы, ал протездин жардамы менен эч кимдин жардамысыз отурганды үйрөнгөн.

Мындан тышкары, Шауэрс сүйүктүүсүнө үйлөнүү сунушун киргизген. Алар 2021 же 2022-жылы баш кошууну пландап жатышат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.11.2020. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
40 жыл кыргын болсо дагы ажалы жетпесе бир чымын дагы өлбөйт дегени үшу болот. Аллаанын кудурети.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: