super.kg logo

Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөө үчүн датчиктер орнотулат

 

Бишкек шаарынын мэриясы "Экологиялык Чечимдер Институту" коомдук фонду менен биргеликте "Таза аба" долбоорун баштоодо. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экологиялык долбоордун максаты - шаардыктар кандай аба менен дем аларын түшүнүү.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 24-ноябрга карата борбор калаада абанын булганышы боюнча былтыркы көрсөткүчтөн 35-50 пайызга ашып кетти.

Ал эми аба эмне болуп жаткандыгын түшүнүү үчүн 39 шайман орнотобуз. Бул бир тармакка бириктирилген датчиктердин минималдуу саны, бул аппарат Бишкектин аймагындагы толук сүрөттү көрүүгө мүмкүндүк берет. Бардык маалыматтар ачык экологиялык маалымат базасында топтолот жана баарына жеткиликтүү болот.

Белгилей кетсек, билдиргичтерди орнотуу акысыз.

"Картада жашыл менен белгиленген аймакта жашаган жарандар дагы үйүнө датчикти орното алышат. Датчиктин иши үчүн Wi-Fi жеткиликтүү болушу шарт. Мэрия датчиктерди жамгыр менен күн нурун тоскон, тамеки жана ашканадан алыс жерге коюу керектигин эскертти. Эң жакшы жер короонун алды, ачык балкон жана башкалар.

Жабдык айына 10 сомдук электр энергиясын жана 50 мегабайт интернет керектейт. Бул чыгымдарды долбоор төлөп бербейт", - деп жазылат маалыматта.

Шайман алууну каалагандар (0505) 03-77-00 WhatsApp номерине же info@ecology.kg почтасына кат жазса болот.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: