super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев: "Элдик Курултайга өкмөттүн отчётун угуш үчүн гана 2 ай убакыт кетет"

 

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев Элдик Курултайга өкмөттүн отчётун угуш үчүн гана 2 ай убакыт кете турганын билдирди.

"Садыр Жапаров Курултайдын 3 миңдей делегаты болот деди. Кыргыз өлкөсүндө анчалык киши бата турган зал да жок. Анан ар жыл сайын Курултайдын өкүлдөрү алмашат экен. Ошондо 5 жылда мамлекеттик деңгээлдеги 15 миң депутат болот экен.

Бүгүн парламенттин депутаттарынын саны көп деген сынга кабылып келе жатабыз. Биз 120 депутат өкмөттүн отчётун угуш үчүн 3 күн убакыт кетет. Анткени суроо-жооп үчүн ар бир депутатка 2 мүнөттөн убакыт берилет. Эми элестетип көргүлө, Элдик Курултай өкмөттүн отчётун угуш үчүн гана 2 ай убакыт кетет. Андан кийин парламенттин, Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын отчётун угуш үчүн 1 айдан 3 ай убакыт керек. Бул деген укуктук хаос жана баш аламандык. Цивилизациялуу коомдо мындай болушу мүмкүн эмес.

Бул аралыкта Садыр Жапаров кыргыз элин уят кылганга жетишти. Биринчиси – анын администрациясы өлкөнүн сырткы саясаттагы кызыкчылыктарын коргоо үчүн кандайдыр бир шектүү израилдик фирма менен келишим түздү. Мен “Кыргыз Республикасынын сырткы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрү” тууралуу мыйзамдын авторумун. Бул мыйзамга ылайык, мындай келишимдерди Тышкы иштер министрлиги гана түзүүгө укуктуу. Мындай кадам менен Садыр Жапаров кыргыз дипломаттарын да уят кылды. Дүйнөлүк практикада бул уят иш болуп саналат. Эми бул компания БУУ, Европа биримдиги, ЕККУ, ШКУ сыяктуу уюмдар менен иштеше алабы? Мындай президентти эч ким олуттуу кабыл албайт", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: