super.kg logo

"Өлүм жазасын киргизүү", "Жарандарды шайлоого милдеттендирүү". Конституциялык кеңешмеге кандай сунуштар келип түштү

 

Бүгүн, 24-ноябрда Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү түз эфирдеги кезектеги маалымат жыйынын берди.

Анда Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев кеңешменин мүчөлөрүнүн саны 89 адамдан турарын жана алар үч секцияга бөлүнгөнүн билдирди.

Конституциядагы адам укуктары боюнча беренелерди карай турчу секциянын мүчөсү Нурлан Шерипов пленардык жыйындар ачык өтүп жатканын жана ага бардык каалоочулар, юристтер, эксперттер, жарандык активисттер келип катышып, өз сунуштарын берип жатканына токтолду:

"Адам укуктары боюнча саясий, социалдык-экономикалык, маданий деп классификация жүргүздүк. Жыйынга практиктерди, юристтерди чакырдык. Жарандык активисттер дагы келип жатышат. Конституциялык кеңешмеге ар кандай сунуш-пикирлер айтылууда. Алардын арасында кызыктуу сунуштар дагы бар. Мисалы, бир жарандык активисттен өлүм жазасын киргизүү боюнча сунуш берилди. Бирок бул нерсе биздин мамлекеттин статусуна жана эл аралык стандартка топ келбегендиктен андан баш тарттык. Дагы бир жарандык активист жарандарды шайлоого катышууга милдеттендирүү боюнча сунушун айтты. Албетте, ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу, бирок бул милдет эмес. Жыйында талаш-тартыш жаралган учурлар болот. Бирок анын баарын добушка коюу менен чечип жатабыз. Ошондой эле адам өткөндөн кийин жергиликтүү органдар милдеттүү түрдө жер бөлүп бериш керек деген дагы сунуш киргизилди. Бирок биз аны Конституцияда укуктук милдет катары беките албайбыз жана бул маселени башка органдар караш керек деп түшүндүрдүк. Конституциялык кеңешмеге кирген секциянын мүчөлөрү ар бир түшкөн сунушка реакция кылып, убактысында карап чечим чыгарып, ачык талкуулап жатабыз", - дейт Нурлан Шерипов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: