Башкы прокуратура: "Ноокатта Садыр Жапаровдун атынан азык-түлүк таратылууда деген видео боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды"
Ош облусунун Ноокат районунда добуштарды сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Башкы прокуратура социалдык тармактардагы белгисиз атуулдар көк түстөгү Хюндай-Портер үлгүсүндөгү автоунаада президенттикке талапкер С.Н.Жапаровдун атынан азык-түлүктөр таратылып жаткандыгы тууралуу тараган тасма боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.
Аталган жагдай боюнча, тасмадагы автоунаа Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылынын тургуну Ш.З.М. аттуу жаранга тиешелүү экендиги аныкталган.
Окуя боюнча топтолгон материал 2020-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаардык ИИББы тарабынан жазык кодексинин 192-беренеси (Шайлоочуларды сатып алуу) менен реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды", - деп жазылат билдирүүдө.









1 |