super.kg logo

Жайнак Үсөн уулу КТРКнын Байкоочу кеңешин сотко берди

 

Жайнак Үсөн уулу КТРКнын Байкоочу кеңешин сотко берди. Мындан улам КТРКнын башкы директору кызматына сынак убактылуу токтотулгандыгын Байкоочу кеңештен маалымдашты. Муну КТКРнын буга чейинки башкы директору Жайнак Үсөн уулу өзү дагы SUPER.KG порталына тастыктады.

Буга чейин сынактын биринчи квалификациялык этабына беш талапкер кирген. Тандоонун дагы үч этабы калган.

Жайнак Үсөн уулу 6-октябрда өлкөдөгү окуялардан улам өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Ал буга чейин ээлеген кызматына кайтууга аракет кылып, бирок ага уруксат бериле элек.

"Кызматымды тапшыруумдун себеби - 6-октябрдагы кырдаалга байланыштуу КТРКнын кызматкерлеринин коопсуздугун жана корпорацияга тиешелүү бардык техникалык жабдыктарды сактоо эле. Себеби, атайын басып алууга даярданып келишкен баскынчылар мурда макулдашып алып, "директор" болом дегендер менен чогуу болчу. Алардын максаты күч менен кызматты тартып алуу, талкалоо болду. Ошол учурда менде бир гана ой болду - өз кызыкчылыгым үчүн кызмат ордумду сактап калуу эмес, стратегиялык объект болгон КТРКны эч бүлдүрбөй сактап калуу, талкалоого, мушташууга жол бербөө эле. 7-октябрда мен аргасыз арыз жазгандан кийин коллективдин көпчүлүгү, эл аралык уюмдун өкүлдөрү, белгилүү коомдук ишмерлер кайрадан кызматыма кайтуу жөнүндө байма-бай кайрылуу жөнөтүштү. Ошол учурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров: "Күч менен басып алынган мекеме-ишкана, уюмдардын бардык жетекчилери өз ордуна кайтсын", - деген буйругунан кийин, 8-октябрда ишке келгем. Бирок мени КТРКнын ичине киргизишкен жок. Мындан улам мыйзамдын негизинде сотко кайрылууга туура келди. Ошол арыз жазылгандан бери Байкоочу Кеңештен арыздын жообун ала албай келем", - деп билдирди Жайнак Үсөн уулу.

Жайнак Үсөн уулу буга чейин НТСте башкы директор болуп иштеген. 2019-жылы март айында 4 жылга 24 талапкердин ичинен жеңишке ээ болуп, КТРКнын башкы директорлук кызматына келген.

Буга чейин КТРКнын башкы директорлугуна 15 талапкер арыз тапшырганы маалымдалган.

Алар:

  1. Бахтияр Алиев;

  2. Сураган Босумбаев;

  3. Сталбек Дюшалиев;

  4. Замир Казакбаев;

  5. Үсөн Кольбаев;

  6. Кадырали Кошалиев;

  7. Эрнис Кыязов;

  8. Дүйшеналы Мамбетөмүрөв;

  9. Шайырбек Мукарамов;

  10. Ырыс Окенова;

  11. Абдыкадыр Султанбаев;

  12. Калыбек Тайтекеев;

  13. Болотбек Тиллебаев;

  14. Алим Токторов;

  15. Айбек Турдалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: