Орусия Кыргыз өлкөсүнө 8 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтөт
Орусия Кыргыз өлкөсүнө 8 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Бишкектеги элчилиги билдирди.Маалым болгондой, гумжардамды өткөрүп берүү аземи бүгүн, 25-ноябрда өтөт.
"Орусия тарабынан Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынып, жалпы баасы 8 миллион долларды түзгөн 9000 тонна ун жана өсүмдүк майы даярдалды. Азык-түлүктөр 25-ноябрда өткөрүлүп берилип, андан ары республиканын бардык аймагындагы жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөргө таратылып берилет. Долбоор Бириккен улуттар уюму менен биргеликте ишке ашырылып жатат.
Орусия Кыргыз өлкөсүнүн башка долбоорлорун да каржылоону улантат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















