Айрымдарын таштандынын жанынан, кээ бирин кудуктан чыгарып кетишти. Милициялар үй жайсыз калган адамдарды баш калкалоочу жайга жеткиришти
Бишкек шаардык милиция кызматкерлери "Селсаяк" аталышындагы иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
23-25-ноябрь аралыгында, Октябрь районунун аймагында өткөрүлгөн "Селсаяк" аталышындагы иш-чарада селсаяктык жана кайырчылык менен алектенген, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларында, жылуулук трассаларынын жанында жана башка кыш мезгилинде дайыма жүргөн жерлер текшерүүгө алынды.
"Иш-чаранын жүрүшүндө жалпысынан, биринчи күнү милиция кызматкерлери тарабынан туруктуу жашаган жери жок 10дон ашык жаран аныкталып, социалдык коргоо жана өз убагында медициналык жардам көрсөткөн атайын убактылуу баш калкалоочу жайларга жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.
Аталган профилактикалык иш-чара Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.
Бишкекте 10дон ашык селсаяк убактылуу баш калкалоочу жайга жеткирилди

