АНОНС: Бүгүн саат 19:00дө SUPER.KG порталында жана порталдын YouTube каналында жылдыздар аялдарды коргоп ырдашат!
25-ноябрь - Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнө байланыштуу кыргыз эстрада ырчылары сиздерге ыр сунушат. Дүйнөнү каптаган COVID-19 пандемиясынан улам концерт онлайн форматта өтөт. Онлайн-концертти бүгүн саат 19:00дө SUPER.KG порталынан жана порталдын YouTube каналынан түз эфирде көрө аласыздар. Өткөрүп жибербеңиз!
Концерт Бириккен улуттар уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгү жана “Супер-Инфо” гезити, SUPER.KG сайты тарабынан уюштурулуп, Швейцариянын өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашат.
Бул күндү дүйнөнүн активист айымдары 1981-жылдан баштап белгилеп келишет. 1999-жылы 17-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы 25-ноябрь - Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн эл аралык күрөшүү күнү деп жарыялаган. Бириккен улуттар уюму дүйнөдөгү бардык бейөкмөт уюмдары менен эл аралык уюмдарга бул күнү иш-чараларды өткөрүп, аталган көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн бурууга чакырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.