Социалдык өнүктүрүү министрлиги өгөй уулун сабаганга шектүү жаранды сотко берүүнү көздөп жатат
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өгөй уулун сабаган шектүү жаранды сотко берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунушталган Азиза Солтонбекова билдирди.
Анын айтымында, бала азыр Ат-Башыдагы таенесинин үйүндө.
Окуянын чоо-жайы:
18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 25 жаштагы келин кайрылган. Арыздануучу 33 жаштагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, 18-ноябрга караган түнү жолдошу эч себепсиз эле 6 жашар баласынын денесине залал келтирген.
Аталган факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) менен катталып, иш андан кийин аймактык, тагыраагы Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилген. Ал эми баланын алган жаракаттарынын деңгээлин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кийин жабырлануучу жактын жактоочусу Шердор Абдыкапаров баланын апасы күйөөсүнө карата тосмо арыз жазып бергенин, баланы №3 ооруканадан 21-ноябрда таенеси чыгарып, Нарын облусунун Ат-Башы районуна алып кеткендигин билдирген.
