super.kg logo

Москвадагы жолугушуу: Адахан Мадумаров Садыр Жапаровго жана БШКга кайрылуу жасады

 

Кечээ, 24-ноябрда Башкы прокуратура президенттикке талапкер болуу үчүн БШКга арыз жазган Адахан Мадумаровдун Москвада мекендештер менен жолугушуусу боюнча материалды кароо үчүн БШКга жөнөткөнү маалымдалган. Мекеме анын себеби катары жолугушууда үгүт иштеринин элементтери болгон деген жүйөө келтирген.

Ал эми бүгүн, 25-ноябрда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бул боюнча билдирүү таратты.

Ал бул кадамдарды өзүн шайлоо өнөктүгүнөн четтетүү катары сыпаттайт.

"Садыр мырза, Башкы прокуратуранын колу менен мени жашыруун үгүт жүргүзгөн деген шылтоо менен шайлоо өнөктүгүнөн четтетүү аракетиңиз өтө өкүнүчтүү кадам.

Сиздин алдыдагы шайлоодо өзүңүздүн жеңишке жетишиңизге күмөн саноо, санаркооңузду мен түшүнүп турам.

Албетте, атаандаштардан кандай гана жол менен болбосун арылууну каалаап жатасыз. Азыртадан жеңиштен күмөн санай баштаганыңыз - бул жакшы. Муну албетте, мен каталыктарыңызды түшүнө баштаганыңыз деп кабыл алдым. Кыска убакыттын ичинде премьер-министр болуп, өлкөнүн президентинин ыйгарым укуктарын мыйзамсыз колдонуп, көптөн бери кыйналып келе жаткан өлкөбүзгө дагы кыйынчылыктарды жараттыңыз. Элди бир жолу алдоо мүмкүн, бирок аларды дайыма алдай албайсыз.

2021-жылдын 10-январына чейин шайлоочулар сиздин чыныгы жүзүңүздү тааныйт. Бирок мен өзүңүздү ушунчалык ачык көрсөтүп жатканыңызга түшүнбөйм!?

Президенттикке талапкерлигин коём деп жарыялаган күндөн баштап, сиз мамлекеттин эсебинен бүткүл өлкөнү кыдырып, убадаларын берешендик менен аткара турганыңызды айттыңыз. Бирок экономикалык, социалдык, аймактык көйгөйлөр менен ар кандай форматтагы программаңызды сунуштай алдыңызбы? Мындан сиз өтө ыңгайсыз абалга туш болдуңуз.

Эми Борбордук шайлоо комиссиясы сиздин иш-аракеттериңизге жана сөздөрүңүзгө баа берүүгө аргасыз болушат. Мисалы:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган адамдар кызмат ордуна талапкер болууга укугу жок.
  • "Россия 24" телеканалына берген маегиңизде кызмат үчүн күрөшүүгө даяр экениңизди айттыңыз. Эмне Конституция сиз үчүн жарлык эмеспи?", - деп айтылат Мадумаровдун билдирүүсүндө. Мындан сырткары ал бир нече негиздерди келтирген.

"Өлкөнүн президенти ким болорун БШК эмес, аны эл чечиши керек деп эсептейм. Башкы прокуратура жашыруун ызы-чуудан баш тартып, чынчылдык менен иштөөсүн сунуштайм. Урматтуу БШКнын мүчөлөрү! Эгерде Башкы прокуратуранын мага каршы даттануусун кароону чечсеңиз, анда менин бул кайрылуумду С.Жапаровго каршы арыз катары кароону суранам", - деген Мадумаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(14)
25.11.2020. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саясий куугунтук деп айтат деп мыйзам бузууларга коз жумуп отура бериш керекпи? Бул иш Жапаровдун буйругу менен емес менимче
25.11.2020. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сагызган шакылдап келген, мындан кийин да шаеылдай берет. Садыр Жапаров алга.
25.11.2020. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Адахан Мадумаров президент болот буйрса!
25.11.2020. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куруу соз ....канча жылдан бери саясатта эч пайдасыз Адам...озунчо эле чечен
25.11.2020. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сен эмне кыргызды кемсинткенини унутуп калдынбв? Кыргыз болуш учун орус эмес кыргызды суйуш керек. Кыргыз деп омурун кыргызга арнаш керек..
25.11.2020. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыскасы сенде бет эле эмес эркектик ар намысын да калбаптыр... Бутун кыргызстан партиясын шайлаганым учун мин мерте окуном.
25.11.2020. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Муну бети жок экенда. Уялбай Кыргыз болуш учун орус болуш керек дейт. Чыныгы орусча билиш керек дейт. Адахан орустарга пахта койуп ###### журобер. Эгер бул президент болсо Эми кыргызды орустарга сатат.
25.11.2020. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суперге дагы Жапаровдун фейктери толуп алган го.
25.11.2020. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адахан Мадумаров өзүн ойлогон адам,бул киши Кыргызстанды өнүктүрө албайт.Садыр Жапаров алга!
25.11.2020. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Койчу ай....
25.11.2020. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаров, вы никто
26.11.2020. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адахан мырза Кыргызстанда чукул озгоруу, переворот, реакция болуп аткан учурда туура эмес кадам таштап албайын деп озунун кара башын ойлоп четте карап отурат, ким эмне дейт экен деп. Туура эмес нерселер болуп кетсе минтиш керек болчу деп туштон кийин акылдуу болуп чыга келет. Кыйратпайт бул, качан корсон сындап, жамандап эле журот
26.11.2020. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мадумарыңар кыйрата турган болсо мурун эле кыйратпайт беле?
Кебетесинде эле жатпайбы!
26.11.2020. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адахан мамлекттик кызматта иштесе кыргыз элине эле пайдалуу болмок.Кыргыздын саясатчылары ушул инсандай позицияга бекем болсо кана?! Аны көпчүлүк түшүнбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: