Милициянын кайгуул кызматы алыскы аймактарга каттаган таксистерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө



Бишкек шаарында кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери алыскы аймактарга каттоочу таксилердин айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан башка аймактарга каттоочу таксисттердин айдоочулары менен жолугуп, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жолугушуунун жүрүшүндө атайын айдоочулардын соңку аялдамаларына барып, Ош базары, Аламүдүн базары, ошондой эле Чыгыш жана Батыш авто бекеттердеги Бишкек-Казарман, Бишкек-Токтогул, Бишкек-Талас, Бишкек-Нарын, Бишкек-Токмок, Бишкек-Кара-Көл жана Ош-Бишкек каттамдарына каттоочу таксилердин айдоочулары менен жеринен жолугуп, жалпы жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу, аларга жол бербөө, жол эрежелеринин талаптарын так аткаруу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүшүүдө.
"Айдоочуларга жолдо жүрүү учурунда психологиялык жактан даяр жана туруктуу болуп, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч туудурбастан, каттамдан келгенден кийин сөзсүз бир сутка эс алып, эртеси күнү жолго чыгуу сунушталды. Ошондой эле кыштын күнү аралыкты сактоо менен тилкеден-тилкеге өтүүдө, ылдамдыкты азайтуу керектигин эскертүү менен, авто унаалардын техникалык абалы оң абалда болуусун белгилеп, жайкы дөңгөлөктөр сөзсүз кышкы дөнгөлөктөргө алмашуусу керектигине эскертме беришти", - деп айтылат маалыматта.
