Тоолуу райондордо кар жаайт. 26-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 26-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймагында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3 … -8, күндуз +1 … +6;
Талас облусунда түнкүсүн -7 … -12, күндүз +1 … +6;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3 … -8, күндүз +3 … +8;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3 … -8, күндүз 0 … +5;
Нарын облусунда түнкүсүн -11 … -16, күндүз -2 … +3;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4 … -6, күндүз +3 … +5 градус жылуу болот.
