super.kg logo

Интернетте эмне кеп? Иниси менен жарыбаган үйдү талашып, жан багыш үчүн алма саткан ата, "Эл эмне дейттин" айынан "жүндөй" сабалган аялдар, кара чечекей уулунан айрылган ата акыйкаттык издейт

 

Коёндой окшош көрүнгөнү менен, ар бир күн өзүнчө бир тарых. Өлкөнүн экономикалык жана саясий абалы элдин жашоосуна өз таасирин бербей койбойт. Кимдир бирөө акчасын каякка короторун билбей жүргөн болсо, кайсы бир адам курсагын тойгузганга сындырым нан таппай жаткан убагы.

ЦУМдун жанында алма сатып кара жанын гана эмес, чиедей неберелерине кам көрүп келген Мустафа Бектеновду ошол тараптан өткөн көпчүлүк эле адам көрүп, бирок кабарына албай жүрсө керек. Атанын аянычтуу абалына социалдык тармактын колдонуучулары көңүл буруп ага жардам берүүгө белсеништи. Бектеновдун бизге берген маегин бул жерден окуй аласыздар. Албетте, мындай окуялар коомдо аябай көп, кендирди кескен кедейлик өлкөбүздө жоюлбай эле көбөйүп бара жатканы өкүндүрбөй койбойт.

Ата-бабалардын "кыргызда кыздын чачы улук, кыргызда кыздын аты улук, кызыгын көрбөйт дүйнөнүн, кыз сыйлабас макулук" деген сөздөрү унутул калгандай. Анткени күн сайын өлкөнүн кайсы бир аймагында сабалган бала же аял тууралуу чыккан жаңылыктар жүрөк оорутат. Аялдардын, балдардын укугун коргоо үчүн ар кандай уюмдар ачылып, мыйзамдар киргизилгени менен, зордук-зомбулук күн сайын күчөөдө. Өкүнүчтүүсү ар кандай себептерден улам аялдар аларды сабаган күйөөлөрүн кечирип, алар менен бирге күн кечирүүнү уланта беришет.

Зомбулукка кабылган аялдардын резонанс болгон окуялары:

"Күркөнүн эшигин бекитип туруп өрт койду. Терезеден араң чыктым" дейт Караколдо күйөөсү бензин чачып, өрт койгон келин

"Колун байлап, моюнуна дөңгөлөккө салып таш артып, баштан ылдый суу куюп, жаакка чапкылады". Эркектин аялды жазалаганы боюнча милиция эмне дейт?

Кочкордо 37 жаштагы келиндин жансыз денеси өз үйүнөн табылды

Ошто кош бойлуу аялын сабап өлтүргөн окуя. Шектүү маркумду муштагылап сабагандыктан денесинин соо жери калган эмес (видео)


Төбө чачты тик тургузган 19 жаштагы баланын өлүмү коомчулукта кызуу талкууга алынды. Маркумдун атасы баласы тууралуу маалымат берип, айрым адамдар баласы өзүн-өзү өлтүргөнүн айтып жатышкандыгын, бул суицид болушу мүмкүн эместигин билдирди. Кара чечекей уулунан айрылган ата тийиштүү кызматтарды бул ишти дыкат иликтенип, анын баласынын өлүмүнө тиешеси бар адамдарды кармап, тиешелүү жазасын берүүсүн талап кылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.11.2020. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернетте ,ватсапта дагы бир кеп болуп жатат .
Бирөөнүн видеосу тарап жатат го,кечээтен бери.Россиянын телеканалдарынан көрсөтүлгөн.)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: