Каныбек Иманалиев: "Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндөгү жалгыз легитимдүү бийлик – бул журналисттер"
Бүгүнкү күндө өлкөдөгү жалгыз легитимдүү бийлик – бул журналисттер. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев "Ачык коом – ачык ЖМК" аталышында өткөн медиафорумда билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, Конституциянын акыркы долбоорунда сөз эркиндигин чектөөгө алып келе турган берене бар.
"Бүгүн журналисттер, Twitter, Instagram, Faсebook колдонуучулары президентти жасашат. Бийлик сиздердин колуңуздарда.Тилекке каршы, Конституциянын акыркы долбоорунда алардын ишмердүүлүгүн цензурага алган өзүнчө берене бар. Биз буга жол бербешибиз керек. Акыркы 30 жылда биздин өлкөнүн энчиси болуп региондогу сөз эркиндигинин лидери болгондугубуз саналат. Бизде коммерциялык уюмдар дагы, парламенттик демократия дагы өнүгүү жолуна түшкөн жок. Сөз эркиндиги – биз коргоого тийиш болгон нерсе. Муну менен бирге сөз эркиндиги европалык гана эмес, бул байыркы кыргыздын баалуулугу. Кыргызда мындай макалдар бар: "Баш кесмек бар, тил кесмек жок", "Элди башкаруудан сөздү башкаруу кыйын", "Согуш учурунда да акындар менен элчилерге өлүм жок".
Ошондуктан биз өзүбүздө болгон нерселерди сактоого жана республикадагы сөз эркиндигин биргеликте коргоого тийишпиз. Жаңы замандын шарттарында бизде 6 миллион журналист бар, смартфон колдонгондордун бардыгы журналист, алар сүрөткө тартып, социалдык тармактарды жүргүзүп, блогер боло алышат. Ошондуктан цензураны орнотуунун, айрыкча Кыргыз жерине кереги жок.
Мен эки гана милдетти көрүп турам – регионалдык басма сөз кызматтарын электрондук ЖМКга айландыруу жана журналистиканы экспорттоону өнүктүрүү зарылчылыгы", - деди Иманалиев.

Адатынча дагы эле кыйкырып атат. Ойлоп атат окшойт в друг камалып кетсем эл мени сууруп чыгат турмодон, ошого калп болсо да жакшы корунуп бакыллап турайын-деп )))