Эки блок, жети кабаттуу болот. Өрттөлгөн башкы прокуратуранын имаратына шаардык кызматтар жайгаштырыла турганы айтылды
Бищкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өрттөнүп кеткен башкы прокуратура жайгашкан жерде долбоор-изилдөө иштерин жүргүзүүгө каражат бөлүү жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жакынкы аралыкта, имараттын курулуш конструкциясынын учурдагы абалы жөнүндө техникалык корутундусунун негизинде капиталдык курулуш башкармалыгы техникалык тапшырманы иштеп чыгып, долбоорлоо иштерине тендер жарыялайт.
"Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ордуна эки имарат, Бишкек шаардык Кеңешинин аппараты жана экинчисине, шаардын ар тарабына чачырап кеткен шаардык кызматтар жайгаштырылат. Бул шаардык кызматтардын натыйжалуу иштөөсүнө таасирин тийгизет. Имарат эки блок, жети кабаттуу болот.
Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын кызматкерлеринин ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин кызматкерлеринин да толук кандуу иштеши үчүн жайлардын жоктугун эске алганда, долбоор учурда абдан актуалдуу", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми буга чейин дал ушул өрттөлгөн имаратка мындан 2 жыл мурун жер алдында унаа токтотуучу жайы бар кооз имарат курулмак, деген маалымат боюнча Бишкек шаардык мэрияга байланышканыбызда, аларда мындай маалымат жоктугун жана "балким мурдакы жетекчилик айткандыр" деген жообун беришти.
